• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Орозо айтты белгилөөнүн так күнү - 25-июнь

Коом 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айттын күнүн белгиледи. Мусулмандар аны 25-июнда жекшемби күнү белгилешет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет. Бул айда мусулмандар күн чыккандан батканга чейин тамактануу, ичүү, тамеки чегүү жана күндүзү жыныстык катнаштан кармнып, милдеттүү орозо кармайт. Айдын узактыгы 29 же 30 күндү түзөт. Рамазандын башталышы жана аягы айдын жаңырышына жараша аныкталат.

Муфтият буга чейин Орозо айт 26-июнда болорун билдирген. Ошону менен бирге Орозо айт ай боюнча белгиленип, өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгилешкен.

КР Эмгек кодексине ылайык, Орозо айт жана Курман айт күндөрү иш күнү болуп саналбайт.

Пикир

Оставить комментарий