• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Орозо айы быйыл болжол менен 6-майда башталат

Коом 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Кыргызстанда Орозо айы быйыл болжол менен 6-майда башталат. Бул тууралуу КР мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Бул күн айдын жаңырышына карап өзгөрүүсү ыктымал. Ошондуктан Орозо айынын башталаарына 4-5 күн калганда так белгилүү болот.

Кененирээк маалымат Орозого жакын калганда берилет.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Эске салсак, 2018-жылы Орозо айы 17-майда башталган.

Пикир

Оставить комментарий