Орозо кармоо ар бир момун мусулмандын парзы

Дүр дүйнө 0

Жылына бир жолу келүүчү Ыйык Рамазан айына саналуу күндөр калды. Бул ай мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардын бири болуп саналат. "Орозо" деген сөз арабдын "Ас-Саум" сөзүнөн келип чыккан. Орозо кармоо Мухаммед пайгамбардын доорунан бери, тактап айтканда 624-жылдан тарта белгиленет.

Орозо – диндеги негизги беш парздын бири болуп, балакатка жеткен ар бир мусулман орозо кармоого милдеттүү деп саналат. Алыскы сапардагылар, согуш талаасындагы аскерлер, кош бойлуу, бала эмизген аялдар жана ачка болууга болбой турган дарт менен ооругандар орозо кармоодон бошотулат.

Орозо кармоо – белгиленген убакыт бою нар татпай жүрүү гана эмес, напсинин башка каалоолорунан да тыйылуу болуп эсептелинет. Дин аалымдарынын айтуусу боюнча, Орозо убагында чыр-чатактарды басуу, таарынгандарды элдештирүү, садака берүү менен алектенүү дурус. Орозо адамды напсини тыюуга, пейилдин токтугуна, сабырдуулукка, кайрымдуулукка үйрөтөт жана туура эмес тамактануудан келип чыккан оору-сыркоолордон арылтат.

Ар кандай шарттан улам орозосун толук тутпай калгандар кармалбай калган күндөрүн толук өтөп берүүгө милдеттүү. Адатта орозонун кармалбай калган күндөрүн тутуу үчүн ай толгон аптанын дүйшөмбү, бейшемби күндөрү тандалып алынат.

Орозо айынын 26нан 27-күнүнө караган түнү - Кадыр түн деп аталат. Мусулман эли ал түндү уктабай, түрдүү диний амалдарды аткаруу менен тосушат. Жалпысынан орозо 30 күнгө созулат. Ыйык айдын бүтүшү Орозо айт майрамы менен коштолот.

Даярдаган Гүлнара Тажиханова

Пикир

Оставить комментарий