• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Орто Азия өлкөлөрүндө оорунун туу чокусуна жетти дегендей бейтаптардын саны көбөйгөн жок – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Орто Азия өлкөлөрүндө оорунун туу чокусуна жетти дегендей бейтаптардын саны кескин көбөйгөн жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага коронавирус оорусунун жогорку чегинен аштыкпы деген суроо узатылды.

"Эпидемиологиялык абалды талдап жатабыз. Биздин Орто Азия өлкөлөрүндө оорунун туу чокусуна жетти дегендей бейтаптардын саны кескин көбөйгөн жок. Кийинки учурда өтө көбөйүп же өтө азайып кетпей бир калыпта болууда. Эпидемиологиялык параметр катары бул оорудан каза болгондордун саны кескин көбөйгөн жок. Бул аймактагы өзгөчөлүктөй болуп сезилүүдө. Ошондой эле биздин республиканы алганда да ошондой жагдай болуп жатат. Бир аймакка тиешелүү мүнөзгө ээ болуп жатат. Эпидемиологиялык абалдын бир беткей өрчүшү болбой, ар тараптуу болууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 682ни түзөт. Алардын ичинен 370 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий