• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Орто кесиптик билим берүү системасы үчүн тренерлер окутулду

Билим 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында тренерлер үчүн тренинг өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тренингдин максаты – тренерлердин тренингдерди түзүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон компетенцияларын өнүктүрүү.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар тренингдердин программаларын иштеп чыгуу боюнча көндүмдөргө ээ болушту, тренингдерди уюштуруу жана өткөрүүнүн заманбап технологияларын өздөштүрүштү, эрезеге жеткен аудитория менен иштөө көндүмдөрүн иштеп чыгышты.

Тренингдин жүрүшүндө ар бир тренер өзүнүн темасы боюнча тренингдин концепциясын иштеп чыкты. Иштелип чыккан концепциялардын негизинде алар тренингдердин өздүк программаларын иштеп чыгышты.

Тренингдин жыйынтыгы боюнча орто кесиптик билим берүү системасы үчүн тренерлер тобу калыптанат деп күтүлүүдө, алар окутуунун жүрүшүндө ээ болгон жаңы көндүмдөрдү колдонуу менен колледждердин жана лицейлердин кызматкерлерин, окутуучуларын жана мастерлерин окута алышат.

Бул колледждердин кызматкерлерине окуу жайларды дээрлик натыйжалуу башкарууга, билим берүү процессинин кызыкчылыгында туруктуу иштөөгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий