• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт - Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, абитуриенттердин арасында конкурс орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасын эске алуу менен өткөрүлөт. Бул процесс атайын формуланын негизинде эсептөө менен жүргүзүлөт.

“Орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуунун 1-туру 13-31-июлда өтөт. Анда документтерди онлайн түрдө каттоо керек. 3-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. 3-6-август күндөрү абитуриенттердин орто кесиптик орто окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоо жүргүзүлөт. Ал эми 2-туру 1-20-августта. Бул аралыкта документтерди кабыл алуу жүргүзүлөт. 22-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. 23-30-августта абитуриенттердин орто кесиптик орто окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоо жүргүзүлөт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий