• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Орто-Сай айылында 20 миң кишилик заманбап «Ыйман борбору» мечитинин курулушу башталды

Президент 0


Бишкек, 10.03.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, Орто-Сай айылында заманбап “Ыйман борбору” мечитинин курулушуна капсула салды.

Эки кабаттуу диний жай 20 миң кишиге ылайыкташып, намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт. Намаз комплексинин курамына административдик имарат жана руханий билим берүү мекемеси, медресе кирет.

Мамлекет башчысы келечекте бул мечит Орто-Сай айылынын көркүнө көрк кошуп, архитектуралык көрүнүшүн арттырып, ошону менен бирге мусулмандардын ибадат кылуусуна жаңы жер пайда болот, деп өз сөзүндө белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан калкынын басымдуу бөлүгү Ислам динин тутарын белгилеп, кыргыз эли Жаратканга ишенип, ага болгон ишенимин көкүрөгүнө бекем сактай турганын кошумчалады.

“Бүгүнкү күндө ибадатын калтырбай мечиттерге барып жан дүйнө тынчтыгын издегендер арбып жаткан маалда мындай ири мечиттин салынышы заман талабына шай келип олтурат. Жума күндөрү жума намазын окууда мечиттерге адам батпай, ыңгайсыздык жаралып келатканына да күбө болуп келебиз. Пайдубалын түптөп жаткан мечитибиз ошондой ыңгайсыздарды жоюп, жалпы мусулмандардын, мечиттин айланасында жашаган элдин муктаждыктарын канааттандырат деп ишенип турам. Мына ушундай ниет-максаттарыбыз менен мечиттин имаратынын пайдубалын түптөп, ага “мезгил кутусун” – капсула салып жатабыз”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Жакшы ниет менен пайдубалы түптөлүп жаткан мечит элдин диний сабаттуулугун жогорулатууга кызмат кылат деген ишенимин да билдирди.

Садыр Жапаров ушу тапта ар кандай чагымчыл диний агымдардын кооптуулугу бар экенин айтып, мындай шартта өсүп келаткан жаш муундардын ата салтын сактап, баалуулуктарыбызды барктап, ошол эле маалда ыйманын күчтөй турган мечиттердин курулушун колдоо керектигин билдирди.

Ал Орто-Сай айылынын көркүнө көрк кошкон имараттардын саны көп болушун каалап өттү.

“Бул диний объект ыйман-ынсабы бекем, мекенчил, эл-журтуна кам көргөн эр-азаматтарды тарбиялап чыгарган ыйман борборуна айлансын”, - деди сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров.

Мечиттин курулушу чет элдик инвесторлор тарабынан жүргүзүлүүдө, долбоордун баасы 51 млн АКШ долларына бааланган.

Пикир

Оставить комментарий