• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Орто-Сай базарына жакын “Каухар” бизнес борборунда өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Орто-Сай базарынын айланасындагы “Каухар” медициналык борборунун имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат.

“Өрт чектөөгө алына элек. Жабыркагандар жок”,-деп айтылат маалыматта.

Өрттүн себеби жана күйгөн аянты тууралуу азырынча маалымат жок.

Эске сала кетсек, мурда Бишкектеги Ош базарында жана Жалал-Абаддагы шаардык базардан ири өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий