• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Орто-Сай базарында өрт тактикалык машыгуулар өткөрүлдү - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Орто-Сай базарынын айланасында соода-базар комплекстеринде өрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын машыгуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгуулар ӨКМдин райондук башкармалыгынын, РИИБдин, Бишкек шаары боюнча мамэкотехинспекциясынын жана акимиаттын экономика жана финансы бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

"Өрт тактикалык машыгууларды өткөрүү учурунда атайын техникалардын кирүү жолдору, эвакуациялык жолдору, өрт гидранттарынын техникалык абалы, өрт сигнализациясы жана өрт өчүрүү каражаттары, өрт жана башка өзгөчө кырдаалдарда үн жана жарык эскертүү сигналдарын берүүчү жана башка каражаттардын техникалык абалы текшерилди", - деп айыталт маалыматта.

Текшерүү учурунда бузуулар аныкталып, базардын администрациясына бузууларды жоюу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий