• 82
  • 84.48
  • 1.35

Орто-Сайда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан — видео

238 кароо Кырсык 0


Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Кечээ, 4-июлда кечинде Орто-Сай айылында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт үйдүн 11-12-кабатынан чыгып, жалпы 750 чарчы метр аянты күйгөн.

Жерине беш өрт өчүрүүчү бөлүм жана 50дөн ашык куткаруучу тартылган. Тилсиз жоо беш сааттан кийин өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий