• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Орто-Токой суу сактагычына чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.20. /Кабар/.Орто-Токой суу сактагычына чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-августта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычына 1994-жылы туулган жигит чөгүп кеткен.

Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен 7 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 12:00дө маркумдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий