• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Орто-Токой суу сактагычында браконьерлер кармалды

Аймак 0


Бишкек, 26-май /Кабар/. Мамэкотехинспекциянын Жумгал жана Кочкор райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз балык уулоого каршы текшерүүсүндө 800 метр тор, моторлуу кайык менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Алар Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого аракет кылышып, бирок инспекторлор тарабынан ыкчам иш аракеттердин негизинде кармалды. Жеринде жарандардын өздүгү такталып, тийиштүү кагаздар толтурулду. Торлор өрттөлүп, кармалган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүү максатында материалдар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлдү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий