• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Орто жана жогорку окуу жайларынын дипломдору учурда басылып чыгарылууда - Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 21.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Орто жана жогорку окуу жайларынын дипломдору учурда басылып чыгарылууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтер басылып чыгып, аймактарга өз убагында жеткирилди.

“Мектеп окуучуларынын бүтүрүү аттестаттары өз колдоруна берилди. Ошондой эле орто жана жогорку окуу жайларынын дипломдору учурда басылып чыгарылууда”, - дейт ал.

Жусупбекова кошумчалагандай, балдар бакчаларына жана 1-класска кабыл алуу электрондук түрдө өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий