• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Орунбеков: Баткенден качып келгендер көчөдө калды деген маалыматтар жалган

Коом 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Баткенден качып келгендер көчөдө калды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

"Урматтуу достор, тактабай жазаардын алдын моралдык жоопкерчиликти эске алыңыздарчы. Биз ушул жерде турабыз, жумуш жүргүзүлүп жатат. Убактылуу жайгаштыруу жайлары даярдалып, алып кетүү үчүн автобустар токтотулду", - деди ал.

Орунбеков отургандардын көбү менен жеке сүйлөшүп чыккандыгын билдирди. "Айрымдары “туугандарыбыз келсе алып кетели”, деп келгендер экен. Интернеттеги маалыматтарды бөлүшкөндөр, дивандан туруп, бул жакка келиңиздер!" - деп жазган Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Пикир

Оставить комментарий