• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Орунбеков менен АКШнын элчиси маалымат тармагындагы кызматташууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маалымат тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүүнү талкуулашты.

Дайырбек Орунбеков кыргыз тараптын сөз эркиндигин жана демократиялык коомдун принциптерин коргоого берилгендигин ырастады.

Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Кыргызстанда көз карандысыз ЖМКлардын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи.

“Биздин негизги талап, бардык ЖМКларга тиешелүү – тастыкталбаган маалыматтарды таратууга тыюу салган улуттук мыйзамдарды сактоо, ошондой эле маалыматты таратууда объективдүү болуу, анын ичинде араздашуулар жана согуштук кырдаалдар учурунда”, - деп белгилеген кызматтын жетекчиси, бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу маселелер дагы мыйзам чегинде жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Ал Кыргыз Республикасы сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманган жана күчтүү жарандык коомду жактаган өлкө катары кала берээрин канааттануу менен белгиледи.

Тараптар ошондой эле “Азаттык” радиосунун айланасындагы кырдаалды талкуулап, анын көз карандысыз журналистиканын өнүгүшүндөгү өзгөчө ролун белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын кызматкерлерин окутуу багытында кызматташууну мындан ары улантууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий