• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Баткендеги соцобьектилерди куруу чыгымын АРИС 123 млн сомго кымбат баалаган

Аймак 0

Бишкек, 19.01.23./Кабар/. Баткендеги социалдык обьектилерди куруу чыгымын АРИС агенттиги 123 млн сомго кымбат баалаган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, Баткендеги куралдуу кагылыштын кесепетинен турак жайлар, социалдык обьектилер талкаланып, керектен чыккан. Жабыркаган үйлөр мамлекет тарабынан курулуп, алды колдонууга берилүүдө.

"Мектеп, ооруканалар, балдар бакчалары, мамлекеттик мекеме имараттарын кайра куруу боюнча иш жүрүүдө. Калыбына келтирүү иштери АРИС агенттигине берилип, ал эл аралык каржы инситуттарынан насыя алып, курулуш иштерин баштаган. Бул максатта тендер сунушталып, кетчү каражаттардын суммасын 452 млн сомдон жогору деп эсептешкен.

Мамлекет АРИСтин баалоосуна альтернативдүү рыноктогу баа менен салыштырып эсептеп чыкты. Жыйынтыгында 123 млн сомго көп бааланганы аныкталды. Буга чейин мамлекет сырттан алган насыяларга жол, стратегиялык обьектилерди курганда ушундай эле тендерлер жарыяланып, ортодон ар кимиси “доляга” отуруп, кымбат баалап, уурдап, талап-тоноп келишкен. Анын кесепетинен мамлекеттин тышкы карызы өсүп, элдин мойнуна илинген.

Мисалы, АРИС 225 орунга эсептелген окуу жайды курууга 115 млн сомдон жогору каражат сарпталарын көрсөткөн. Ушундай эле кубаттуулуктагы мектепти мамлекет башка аймакта куруп, ага 85 млн сом сарпталган. АРИС 75 орундуу бала бакчаны 91 млн сомго курабыз деп белсенсе, өлкө боюнча ушунча орундуу бала бакчалар 59-60 млн сомго бүткөрүлгөн.

Акысыз, белекке салып берип атса да “мейли” дейт элек. Жогоруда белгиленген 452 млн сом бул АРИС биздин мамлекетти кепилдик кылып эл аралык каржы институтунан кредит катары алган каражат.

Тагыраагы эртең балдарыбызга чейин жүк боло турган тышкы карызга кошула турган сумманын бир бөлүгү болот.

Баткендеги социалдык обьектилерди курууга сунушталган 452 млн сомдон эле 123 млн сом айырма чыгып жатат.

Президентибиз Садыр Жапаров - мамлекеттин тагдырын таразага коюп, элдин ырыскысынан пайда көрөм дегендерге жол бербөө тапшырмасын койду. Сырттан карыз алып, Баткендеги обьектилерди 123 млн сомго кымбат курууну максат кылып жаткан АРИСтин долбоорунан мамлекет баш тартат. Курулуш кеч бүтсө дагы, мамлекет өзүнүн каражатына салуу чечимин кабыл алды.

Сырттан карыз алып, жарымын мамлекетке жумшап, калганын өзүнө алган уюмдарга дагы эскертебиз, мындан ары эски түшүнүктөрдү унуткула. Президентибиз Садыр Жапаров тендерден уурдап жана насыя алып пайда көрүүнү максат кылгандарга жол бербейт. Мамлекеттин бир тыйынын, керек болсо күкүм нанын дагы жедирбейт", — деди Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий