• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Орунбеков “Российская газетанын” Борбор Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков “Российская газетанын” Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков менен жолугушту. Бул тууралуу Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, жолугушуунун жүрүшүндө медиаталаасында өз ара аракеттенүү, ар кыл багыттагы темаларды чагылдырууну кызматташуу маселелери талкууланды.

"Кесиптешибиз Дмитрий Владимирович ошону менен бирге бир катар маданий багыттагы конкреттүү сунуштарын берип, өз кезегибизде биз аларды тийиштүү ведомстволор менен карап чыкмай болдук. Дмитрий мырзаны эртең, 1-апрелде, Бишкектин “Ынтымак” багында ЖМК, эл аралык өнөктөштөрдүн коммуникаторлору жана мамлекеттик органдардын пресс-катчыларынын бак тигүү акциясына катышууга чакырдым", - деп билдирүү калтырды Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий