• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Орус режиссеру Станислав Говорухин көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 14.06.18 / Кабар/. Режиссер, Мамдуманын маданият боюнча комитетинин төрагасы Станислав Говорухин Москванын сыртындагы “Барвиха” эс алуу жайында көз жумду.

“10:37де “Барвиха” санаторийинде узакка созулган оорудан улам биздин кесиптеш Станислав Говорухин дүйнөдөн кайтты. Ал оору менен аягына чейин күрөштү, бирок аны жеңе алган жок”, - деди Володин. Андан кийин депутаттар аза күтүү мүнөтү менен Говорухиндин элесин эскеришти.

Станислав Говорухин 82 жашта болчу. Ал 2006-жылы РФнын эл артисти наамын алган.

“Жолугушуу жерин алмаштырууга болбойт”, “ Вертикаль”, “Ворошиловалык аткыч”, тасмаларын койгон, “Орус бунту”, “41-нин июнунда” аттуу фильмдерге сценарий жазган. Говорухин 1993-жылдан баштап Мамлекеттик думанын депутаты болгон.

Пикир

Оставить комментарий