• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Орусия "Евровидение" сынагынын финалына өтпөй калды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. "Евровидение" сынагына катышкан Орусия өкүлү Юлия Самойлова финалга өтпөй калды. 2004-жылдан бери Орусия биринчи жолу концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүнө катышпайт.

10-майда Лиссабон шаарында өткөн жарым финалда Самойлова I Won’t Break ("Мен сынбайм") ыры менен катышкан.

Ал былтыр Украинадагы "Eurovison" мелдешине да жолдомо алып, катышпай калган. Украинанын Коопсуздук кызматы ырчыны "2015-жылы аннексияланган Крымдагы концертке катышып, мыйзамды бузган" деп, өлкөгө үч жыл кирүүгө тыюу салган.

"Евровидение" ыр таймашынын финалы 12-майда өтөт. Букмекерлер "Fuego" ("Жалын") ырынын аткаруучусу, кипрдик Элени Фурейра утарын божомолдошууда.

Жарым финалга ​Австрия, Эстония, Кипр, Израил, Литва, Чехия, Болгария, Албания, Финляндия, Ирландия, Сербия, Молдова, Венгрия, Украина, Швеция, Австралия, Норвегия, Дания, Словения жана Нидерланды ырчылары өттү.

Мыктылар күйөрмандардын онлайн добушу жана калыстардын баасы менен аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий