• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Орусия Казакстанда ракетага каршы коргонуу системасын сынады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.04.18 /Кабар/. Орусия Борбордук Казакстандагы Сарышаган полигонунда ракетага каршы жаңы коргонуу системасын сынаганын билдирди.

Орусия Коргоо министрлигинин «Красная звезда» гезитинин кабарлашынча, Аба-космос күчтөрүнүн абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуу бирикмесинин кол башчысы, генерал-майор Андрей Приходько ракетага каршы жаңы коргонуу системасы тапшырманы так аткарып, шарттуу бутага таамай атканын билдирди.

Орусия Коргоо министрлиги бул система Москва шаарын аба-космос кол салуу каражаттарынын соккусунан сактоого багытталганын маалымдады.

Мекеме Аба-космос күчтөрүн сыноо качан өткөнүн ачыкка чыгарган жок. Орусия Сарышаган полигонун Казакстандан ижарага алган.

Пикир

Оставить комментарий