• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Орусияда ири аскердик машыгуу башталды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Бүгүн Орусиянын Ыраакы Чыгышында «Чыгыш-2018» деп аталган акыркы он жылдын ичиндеги эң ири аскердик машыгуулардын бири башталды. Бул тууралуу Орусия Коргоо министрлигинин сайты кабарлады.

17-сентябрга чейин созула турган машыгууларга 300 миңге жакын аскер кызматкери, 80 кеме, 36 миң брондолгон унаа жана миңден ашык учак катышат. Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн тышкары «Чыгыш-2018ге» Кытайдын үч жарым миңге жакын аскер кызматкери дагы тартылат. Акыркы жолу мындай масштабдагы аскердик машыгуулар 1981-жылы өтүп, ага Варшава келишиминин курамына кирген өлкөлөрдүн күчтөрү катышкан. Анда батыш өлкөлөрү аны ири чабуул операциясына даярдык катары баалашкан.

Орусия Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, «Чыгыш-2018» машыгууларынын башкы максаты аскер күчтөрүнүн даярдык деңгээлин текшерүүболуп эсептелет.

НАТО Орусиянын бул машыгууларын ири масштабдагы жаңжалга катышууга даярдануу деп эсептөөдө.

11-сентябрдан 13-сентябрга чейин Владивосток шаарында Чыгыш экономикалык форуму өтүп, ага Орусиянын президенти Владимир Путин катышат. Кремль буга чейин «Чыгыш-2018» машыгууларына Путинден башка өлкөлөрдүн лидерлерин чакыруу пландалбаганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий