• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Орусияда Казакстандан келаткан автобус авария болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Казакстандан Орусиянын Екатеринбург шаарына бараткан автобус Свердловск облусунда жол кырсыгына учурап, бир киши жаракат алды.

Мамлекеттик жол кыймыл коопсуздук инспекциясынын аймактык башкармалыгы кабарлагандай, жол кырсыгы 19-ноябрда Астана убактысы менен таңкы саат 9да Екатеринбург – Шадринск – Курган трассасына болгон. Айдоочу рулду башкара албай, жолдун жээгине кулаган. Салондо 17 жүргүнчү болгон.

1985-жылы туулган кыз жаракат алып, Белоярск райондук ооруканасына жеткирилген. Аймактык башкармалык авариянын себептери аныкталып жатканын билдирди.

17-ноябрда Орусиянын Саратов облусунда Казакстан менен Өзбекстан жарандары бараткан автобус темир жол поезди менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен салондо отурган беш адам – Өзбекстан жарандары мерт болгон. Казакстан жарандары – айдоочу менен анын жардамчысы ооруканага жеткирилген. Айдоочуга карата кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий