• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Орусияда өлтүрүлгөн беш жашар тажик кыздын сөөгү мекенине жеткирилет

Дүйнө 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жол станциясынан алыс эмес жерде табылган беш жаштагы тажик кыздын сөөгүн шаршембиде Тажикстанга алып келишет.

Ваиданын атасы Абдусалом Саидов кызынын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан кийин моргдо экенин билдирди.

Ваиданын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду.

Орусиялык ММКлардын маалыматы боюнча беш жаштагы Ваида 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү темир жолдун жээгиндеги спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертизада кыз зордукталып, андан кийин бычак менен сайылып өлтүрүлгөнү аныкталган.

Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү жашоочу, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалганын билдирди. Анын үйүндө кыздын бут кийиминин жана манжаларынын издери табылган.

Пикир

Оставить комментарий