• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Орусияда Өзбекстандын 25 жараны кулчулуктан бошотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы өзбек консулдугунун кызматкерлери Астрахань облусунда кулчулукта жүргөн 25 өзбек жаранына документтерин жана айлыктарын алып берүүгө жардамдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 24-октябрда жарандардын кайрылуусуна байланыштуу Астраханда көчмө кабыл алуу уюштурулган.

— Консул Хужабахлил Асамов менен өзбек диаспорасынын башчысы Баходир Аминов Ходжабахлил Астрахань облусунун Харабалин районуна барып, 25 өзбек жараны менен жолуккан. Жыйынтыгында мекендештердин документтери менен айлыктары кайтарылып, алар Өзбекстанга жөнөтүлдү, — деп билдирди басма сөз кызмат.

Өзбек жарандарын жергиликтүү ишкерлердин бири кулчулукта кармап жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий