• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Орусияда Өзбекстандын 68 жараны ууланды

Дүйнө 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Орусиянын Самара облусундагы мөмө-жемиштерди өстүрүү ишканасында эмгектенген 68 өзбек жараны «белгисиз затка уулануу» белгиси менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Казан шаарындагы Башкы консулдугуна шилтеме кылып өзбек Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Ишкана жетекчилигинин өзбек консулдугуна билдиргенине караганда, ууланган мигранттардын бардыгы өлкөдө мыйзамдуу иштеп жүрүшкөн жана алар менен эмгек келишимдери түзүлгөн.

«Жумуш берүүчү өзбек жарандарынын дарылануусуна кете турган бардык чыгымдарды ишкана өзүнө ала турганын билдирди. Консулдук абалды көзөмөлгө алып, ишкананын жетекчилиги жана жабыркагандар жаткырылган оорукана менен дайыма байланышта болууда», — деп билдирди ТИМ.

Мурдараак Самара облустук тергөө комитетинин басма сөз кызматы 16-17-июль күндөрү Өзбекстандан барган 46 мигрант уулануу белгилери менен жергиликтүү ооруканага жеткирилгенин кабарлаган. Анда мекеме мигранттар обочо жайгашкан үйдө жашап, тамак-ашты өзүлөрү жасап жеп жүрүшкөнүн белгилеген.

«Азыр окуянын чоо-жайы такталып жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында процессуалдык чечим кабыл алынат», — деп билдирген облустук Тергөө комитети.

Пикир

Оставить комментарий