• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Орусиянын 40тан ашык спортчусу арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылды

Дүйнө 0

Бишкек, 10.01.18. /Кабар/. Спорт иштери боюнча арбитраждык сот (CAS) Олимп оюндарына катышууга тыюу салуу чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн 42 орусиялык спортчунун кайрылуусу кабыл алынганын билдирди.

Швейцариядагы соттон доо арыздар 22-январда каралып, акыркы чечимди айдын соңунда кабыл алуу пландалып жатканын кабарлашты.

Эл аралык олимпиадалык комитет Орусия 2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимп оюндарында кызытма программасын колдонгон деген чечим чыгарган.

Допинг колдонбогонун далилдеген орусиялык спортчулардын мелдештерге бейтарап желек менен катышуусуна уруксат берилген.

2018-жылкы кышкы Олимп оюндары Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 9-25-февраль күндөрү өтөт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий