• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өкмөт ОСАГОнун күчүнө киришин 2021-жылга жылдырууну колдойт

Коом 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. Өкмөт автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзамды күчүнө кирүү мөөнөтүн эки жылга – 2021-жылга чейин жылдыруу боюнча демилгени колдоду.

Буга чейин бул мыйзамда талаштуу маселелер бар экенин, коомдо нааразылыктар болуп атканы айтылып келген.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков ОСАГО жөнүндө мыйзамды 2021-жылга жылдырууну сунуштаган болчу.

Ал эми Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматы автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча полиси жокторго айып пул салууну 2019-жылдын 7-августуна жылдырууну сунуштаган эле.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 1,1 млн. унаа каражаты катталган. Ал эми учурда 20 камсыздандыруучу компаниялар бар.

Маалым болгондой, Кыргызстанда унааларды милдеттүү түрдө камсындандырууну киргизүү сунушу 2010-жылы айтылган. Бирок аны 2016-жылдын февраль айынан тарта баштоо чечилген. Бирок коомчулук бул ойду терс кабыл алган.

Активисттер мыйзамды "чийки" деп эсептеп, камсыздандырууну киргизүүнүн шашылыштыгына нааразы болуп, камсыздандыруу компанияларынын таза иштерине күмөн санашкан.

Ошондо өкмөт мыйзамды калтырып, айып пул салууну 2018-жылга жылдырууну сунуштаган. Ал эми Жогорку Кеңеш унааларды милдеттүү түрдө камсындандыруу тууралуу мыйзамды 2019-жылы күчүнө киргизүү боюнча чечим кабыл алган.

Бүгүн өкмөт бул мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2021-жылга чейин жылдырды.

Пикир

Оставить комментарий