• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ОСАГО полиси киргизилсе бюджетке жылына 40 млн сом түшмөк – Кожошев

Коом 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. ОСАГО полиси киргизилсе мамлекеттик бюджетке жылына салык түрүндө 40 млн сом түшмөк. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү катары 10-15 млн сом түшмөк.

"Ошондой эле ОСАГО иштей баштаса жумуш орундары түзүлөт. Аймактардагы камсыздандыруу компаниялары адамдарды жумушка алып, имараттарды сатып алып, өкүлчүлүктөрүн ачат. Башкача айтканда, экономикалык натыйжа болот", - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ОСАГО жөнүндө мыйзам 2015-жылы кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий