• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ОСАГО полиси жок айдоочуларга айып пул салууну 2019-жылдын августуна чейин жылдыруу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматы автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча полиси жокторго айып пул салууну 2019-жылдын 7-августуна жылдырууну сунуштоодо.

Белгилүү болгондой 2019-жылдын 7-февралынан тарта автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзам күчүнө кирет.

Мыйзамга ылайык, камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга ушул күндөн тарта айып пул салынат. Анын өлчөмү жеке жактарга 3 миң жана юридикалык жактарга 13 миң сомду түзөт.

Бирок Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматы 7-февралдан тарта полиси жоктугу үчүн унаасы чет элде катталган айдоочуларга айып пул салууну сунуштоодо.

Ошол эле учурда Кыргызстандын аймагында катталган автоунааларга 7-августка чейин өткөөл убакыт берилет. Бул боюнча өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкууга алынып чыкты.

"Унаасы Кыргызстанда катталган айдоочулардын ылайыктуу камсыздандыруучу компаниясын табып, камсыздандыруу полисин алууга мүмкүнчүлүгү болот. Өткөөл мезгилде полистин жоктугуна айып салынбайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий