• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында мыйзам жана коомдук тартип бузуу фактылары катталган жок - Ош ШИИБ

Аймак 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Ош шаарында мыйзам жана коомдук тартипти бузуу боюнча маалымат катталган жок. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 12:00гө карата кандайдыр бир укук жана мыйзам бузуулар боюнча маалымат түшкөн эмес.

Белгиленгендей, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардагы 78 шайлоо участокторунда коомдук тартипти көзөмөлдөшүүдө.

"Коомдук абал толугу менен ички иштер органдарынын көзөмөлүндө. Интернет булактарында, массалык-маалымат каражаттарында шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу пикирлерге мониторинг жүргүзүлүп, текшерилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, шайлоо күнүнө чейин үгүт иштеринин жүрүшүндө жалпысынан 31 маалымат катталган. Анын ичинен 6 материал өндүрүштө, сотко 5 материал жөнөтүлгөн, тергөө учурунда тастыкталбаганы үчүн 5 материал кыскартылып, дагы 7 материал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсө, 8 материал башка материалдарга бириктирилген.

Пикир

Оставить комментарий