• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыктарды көрүү тапшырмасы берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде Ош шаарынын мэриясынын кезектеги Коллегиялык жыйынын күн тарбининин экинчи темасы 2107-2018-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыктарды көрүү болду. Жыйынтык жана даярдык жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев маалымат берди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаардык жылуулук электр борбору, «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык мекемеси, шаарды электр энергия менен камсыз кылган ишканаларга ыраазычылык билдирип, аны менен катар бир топ тапшырмаларды берди. Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнө жана тийиштүү кызматтарга 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыктарды көрүү максатында жылуулук системасына кошулбаган турак жайлардын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көмүр менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнү дайындады.

Коллегиянын күн тартибинде жалпысынан төрт маселе каралып, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрү, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий