• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош: 25-майдан тартып машыгуу залдары жана ачык футбол ойноочу аянтчалардын иштөөсүнө уруксат берилет

Аймак 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Ош шаарында 25-майдан тартып фитнес-клубдар, машыгуу залдары жана ачык футбол ойноочу аянтчалардын иштөөсүнө уруксат берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, уруксат берилген залдарда санитардык-гигиеналык эрежелер милдеттүү түрдө сакталышы шарт.

"Адамдардын контакт болуусу көбүрөөк болгон залдарга азырынча уруксат жок (бокс, күрөш залдары, футбол, баскетбол ойноочу жабык залдар ж.б)", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында дагы 25-майдан баштап машыгуу залдары жана бассейндер иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий