• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош: 28-апрелге карата 43 миңге жакын үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. 28-апрелге карата Ош шаарында жалпы 42 миң 75 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жардамдар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, кароосуз калган тургундарга жана кырдаалга жараша муктаждыгы жаралган үй-бүлөлөргө берилген.

Гуманитардык жардам каттоосуна карабай таратылган. Жардам өкмөт тарабынан, мамлекеттик резервдер фонду, Ош шаарынын мэриясы, кайрымдуулук фонддору, жеке ишкерлер, Чоң-Алай районунун жашоочулары жана Өзбекстан республикасы тарабынан көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий