• 84.8
  • 101.57
  • 1.12

Ош 3018 жашта! Чет өлкөнүн маданият кызматкерлери шаар күнү менен куттукташууда

Аймак 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу» симпозиумдун катышуучулары менен жолукту. Жолугушууга мэриянын өкүлдөрү, ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева жана шаардык кеңештин депутаттары катышты, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Н.Кадыров келген конокторго ыраазычылык билдирип, маданият тармагында кызматташуу, тажырыйба алмашуу, ар улуттун тарых, каада-салттары тууралуу баарлашты.

Симпозиумдун катышуучулары өз кезегинде шаардыктарды Ош шаарынын 3018 жылдыгы менен куттуктап, КРнын Президентине, Өкмөт башчысына жана шаар мэрине Ыраазычылык баракчасын ыйгар

Ошондой эле, вице-мэр симпозиумдун катышуучуларына Ош шаары жөнүндө атайын китептерди жана белектерди тапшырды.

Эске салсак, кечээ 4-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу” аттуу эл аралык симпозиум болуп өткөн.

Ага Ош, Беларусия , Болгария, Россия, Таджикстан, Өзбекстан, Сербия мамлекеттеринен келген окумуштуулар, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана Кыргызстандын башка шаарларынан келген коноктор ошондой эле, студенттер катышкан.

Пикир

Оставить комментарий