• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош 3018 жашта: Майрамдык иш-чаралардын программасы

Аймак 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Быйыл Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленет. Учурда майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кызуу даярдыктар жүрүүдө.

Ош шаарынын 3018-жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси;

4-октябрь - саат 10:00. Ош МУ «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу» симпозиуму,

5-октябрь - 09:20. Ош шаарынын мэриясынын кичи жыйындар залы. Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовдун симпозиумдун катышуучуларын кабыл алуусу,

10:00. Ош шаардык Кеңешинин жыйындар залы - Эл аралык жаштар Форуму,

10:30. Борбордук аянт,“Өчпөс өт”мемориалдык комплексинин аянты, Ош шаарынын окуучуларынын аянтка тарткан сүрөт көргөзмөсү,

10:40. Борбордук аянт, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү,

11:00. Борбордук аянт, “Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестивалы (Ассемблея),

11:20. Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап “Ленин” көчөсү, “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманкеси,

13:00. ОУДТнын алдынкы аянты, “Билим жана чыгармачылык жарманкеси”,

17:00. “Газпром” ден-соолукту чындоо борбору , волейбол спорттук мелдеши,

19:00. Борбордук стадион, Ош шаарынын күнүнө арналган Кыргызстанга белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын катышуусундагы майрамдык гала концерт,

22:00 Борбордук стадион, жаштар диско кечеси

Айта кетсек, жыл сайын 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнү белгиленип келет. Быйыл Ош шаарына 3018 жыл.

Пикир

Оставить комментарий