• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош адистештирилген калыбына келтирүү башкармалыгынын директору Дөөлөтбек Калбаев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. 19-майында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ош адистештирилген калыбына келтирүү башкармалыгынын директору Калбаев Дөөлөтбек Калбаевич узак убакка созулган оорудан улам дүйнө салды.

Калбаев Дөөлөтбек Калбаевич 1957-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган. Дөөлөтбек Калбаев Кыргызстандын маданий мурас обьекттерин сактоо ишине баа жеткис салым кошкон. Анын жетекчилиги алдында Ош адистештирилген калыбына келтирүү башкармалыгы Ош шаарынын 3 миң жылдыгына карата архитектуралык эстеликтерди калыбына келтирүү боюнча ири иштерди аткарган. Акыркы жылдары "Шах- Фазиль" күмбөзүн жана башка Кыргызстандын түштүгүндөгү бир катар архитектуралык эстеликтерди калыбына келтирген. Мунун артында Дөөлөтбек Калбаевдин эмгеги жана кесипкөйлүгү турат. Анын эмгектери министрликтин алкыштарына жана ардак грамоталары менен белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Дөөлөтбек Калбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын жакындарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

"Ал Кыргызстандын маданий мурастарын сактоого өз өмүрүн арнаган адам катары эсибизде калат", - деп билдирет Маданият министрлиги.

Пикир

Оставить комментарий