• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ош аэропорту калыбына келтирилет

Экономика 0

Бишкек, 3-июль /Кабар/. Ушул жылдын 30-июнунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Манас” эл аралык аэропортунун ортосунда Ош аэропортун калыбына келтирүү боюнча насыя берүү келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, бөлүнгөн каражатка жарык менен белги берүүчү жабдыктар алынып орнотулат. Аэропорттун учак учуучу тилкеси оңдолуп атайын аэродромдук өрт өчүрүүчү унаа сатылып алынат.

Мындан тышкары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду учурда 243 млн долларлык 740 долбоорду каржылап жатканын билдирди. Анын 10% пайызы транспорт жана логистика тармагына жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий