• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Ош” аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 20.12.18. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Ош” Эл аралык аэропорту ишин штаттык режимде улантууда. Бул тууралуу “Манас” Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, кечээ, 19-декабрда, түштөн кийин аба ырайы кескин өзгөрүп, калың туман аэропорттун ишин оорлоткон. Учактарды тосуп алуу тилкесинде туман көрүүнү начарлаткан. Ошол себептен аба каттамдар кармалган. Кээ бир каттамдар башка убакытка жылдырылган.

Учурда туман тарап, аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий