• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ош” аэропортун коюу туман каптап, каттамдар жылдырылды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда 09:26дан баштап “Ош” эл аралык аэропортун коюу туман каптады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэрпорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учуруда көрүү мүмкүнчүлүгү 50 метрди түзөт. Мындан улам бардык ички каттамдар аба ырайы жакшырганга чейин жылдырылды.

Убактысы өзгөргөн каттамдар:

132-каттам Ош-Бишкек – 13:20га.

106-каттам Ош-Бишкек – 13.30га.

178-каттам Ош-Бишкек – 13.40ка.

128-каттам Ош-Бишкек – 15:00гө.

220-каттам Ош-Бишкек – 13.50гө.

Ошондой эле туман үчүн Сургуттан учуп келе жаткан UTAIR авиакомпаниясынын учагы Намангандагы көрөңгө (запасной) аэродромго конууга аргасыз болду.

Төмөнкү эл аралык каттамдар да кийинки убакытка жылдырылды:

3260-каттам Ош-Москва 13.55ке.

965-каттам Ош-Москва саат 13:00гө.

2910-каттам Ош-Москва саат 13:15ке.

“Буга ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын графиги да жылдырылууда. Аба каттамдары тууралуу маалыматты билүү үчүн төмөнкү телефон номерлерине чалууну суранабыз: 0 312 693109 (“Манас”) , 0 3222 90101 (“Ош”)”, - деп айтылат маалыматта.

“Манас” эл аралык аэрпорту” ААК ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий