• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Ош» аэропортун коюу туман каптап, учактар Бишкекке конууда

Аймак 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. «Ош» эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 27-декабрында саат 08:00дөн тарта коюу туман байкалууда.

«Манас» аэропортунун маалымат кызматынан билдиришкендей, аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.

Алсак, Бишкектеги кошумча аэродромго 2 учак конду – Москвадан «Аэрофлот» жана Челябинскден «Уральские авиалинии». Ошондой эле ички каттамдары да кармалууда.

Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» - 0 312 693109 жана «Ош» - 0 3222 90101.

Пикир

Оставить комментарий