• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош аэропортунан жасалма паспорт менен Новосибирскке учууга аракет кылган КЭР жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. 2017-жылы 23-февралда «Ош аэропорт» текшерүү-көзөмөл бекетинин чек арачылары мамлекеттик чек араны бузган Кытай Элдик Республикасынын жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек араны бузган жаран Ош – Новосибирск маршруту боюнча №3290 аба каттамын түзүү учурунда кармалган. Паспорттук текшерүүнүн жүрүшүндө чек арачылар 1984-жылы туулган Кытайдын жараны Д.Г. КРнын жаранына тиешелүү болгон чет элдик паспортко өзүнүн сүрөтүн чаптаганын аныкташкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий