• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош аэропортунда кыргыз жана тажик жарандары жасалма документ менен кармалышты

Аймак 0

Бишкек, 14.09.17. /Кабар/. Оштун аэропортунда Тажикстан менен Кыргызстандын жарандары жасалма документ менен чыгып кетүүгө аракет кылган жеринен кармалышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 14-сентябрында Ош-Новосибирс багыты боюнча №8292 каттамын каттоо учурунда “Ош-аэропорт” өткөрүү пунктунун чек арачылары жасалма пасорт менен чыгып кетүүгө аракет кылган Тажикстандын жаранын колго түшүрүшкөн.

Текшерүү учурунда 25 жаштагы Д.С., аттуу тажик жараны жасалма болгон кыргыз жаранынын паспортун көрсөткөн (ID-card). Кармалган баланын айтуусуна караганда ал мурда Россиядан Тажикстанга депортацияланган.

Жасалма документ менен ал кайрадан Россиянын аймагына кирүүнү көздөгөн.

Ошол эле күнү Ош-Москва багыты аркылуу №965 каттамын каттоо учурунда 2 жаштагы баланы жасалма күбөлүк менен алып кетүүгө аракет кылган 1980-жылкы И.С., аттуу кыргыз жараны кармалган. Кармалган аялдын айтымына караганда, баланын атасы уруксат берүүдөн баш тарткан соң, жасалма документ менен алып чыгууга аракет кылган.

Аталган эки факты боюнча керектүү документтер чогултулуп, УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий