• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош аэропортунда туманга байланыштуу каттамдар кечиктирилүүдө

Аймак 0

Ош, 12.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош” Эл аралык аэропортунда бүгүн, 12-декабрда эртең менен туман байкалган.

Аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу Ош-Бишкек, Ош-Москва жана Ош-Үрүмчү каттамдары кечиктирилүүдө. Алсак, Ош облусунда байкалган туманга байланыштуу Бишкектен Ошко учак учпай калган.

Кошумча маалымат алуу үчүн “Ош” аэропортунун сурап-билүү номерине чалып билсе болот: (03222) 9 01 01.

Пикир

Оставить комментарий