• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

"Ош" аэропортундагы бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок

Коом 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Ош шаарынын аэропортунда бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аэропорт кечээ кечки саат 21:26лар чамасында кайрадан иштей баштаган.

Эске сала кетсек, кечээ, 6-февралда саат 18:46да Ош аэропортунда бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү келип түшүп, бардык жүргүнчүлөр жана аэропорттун кызматкерлери сыртка чыгарылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Ички иштер министрлигинин атайын кызматкерлери аэропортко барып, иликтеп-текшерүү иштерин жүргүзүп, эч кандай кооптуу зат табышкан эмес.

Белгилей кетсек, андан бир мур мурдараак эле Бишкектеги "Манас" аэропортунда бомба коюлгандыгы тууралуу кабар келген. Бирок тиешелүү текшерүү иштеринин жыйынтыгында эч кандай шектүү же жардыруучу зат табылган эмес.

Учурда жалган маалымат тараткандарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий