• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Ош» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплекси ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-апрелде Ош облусуна жумуш сапары менен барып, «Ош» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жаңы аэровокзалдык комлекстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 450-600 жаранга чейин көбөйдү, аэровокзалдын аянты 2160 м2 башкача айтканда 5000м2 ден 7160м2 чейин кеңейди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков географиялык жайгашууну эске алуу менен Кыргызстан эл аралык транзит аймагында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин — Борбордук Азиянын эң борборунда жайгашкандыктан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болорун билдирди.

«Аталган мүмкүнчүлүктөрдү иш жузүнө ашыруу үчүн аба, темир жол жана авто жол инфраструктураларын өнүктүрүү керек. Биз келечекке чоң максаттарды жана пландарбы коебуз. Улуу Жибек Жолунда Кыргызстан туристтик, инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү менен дүйнөгө таанымал мамлекет болушу керек. Ош шаары Улуу Жибек Жолунун тарыхында өзгөчө ролду ойнойт, андыктан биз анын тарыхый маанилүүлүгүн калыбына келтиришибиз керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргыз Республикасында 2013-2017-жылдарга Улуттук өнүктүрүү стратегиясында транспорттук инфраструктуранын өнүгүшүнө чоң көңүл бурулганын белгиледи. Транспорттук инфраструктурага көңүл буруу өлкөдөгү туристтик агымдын күч алышына жол ачып, экономикалык кирешелердин жогорулашын камсыз кылат.

«Ош» эл аралык аэропортунун директору Талантбек Ысаков жыл сайын «Ош» аэропортунда эл аралык багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн аэровокзалдык комплексти кеңейтүү жана модернизациялоо муктаждыгы келип чыккандыгын айтты.

«Өндүрүштүк жана технологиялык кубаттуулуктун жетишсиздиги бир катар мүмкүнчүлүктөргө тоскоол болуп, аба каттамдарын кеңейтүүгө шарт болбой келген. Мындан улам, жүргүнчүлөргө жетишээрлик деңгээлде шарт түзүп, аэровокзалдын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында аны кайрадан модернизациялоо муктаждыгы келип чыкты», — деди Талантбек Ысаков. Ал учуп-конуу катарларын кеңейтүү пландарын айтып, андан соң аба каттамдарында көп учактарды кабыл алуу боюнча жаңы схемалар түзүлөөрүн кошумчалады.

Белгиленгендей, буга чейин аэровокзалдын эски имаратынын чектелгендигин эске алуу менен аны перрон жана текшерип өткөрүү пункту жакты көздөй кеңейтүү схемасы сунушталган.

Премьер-министрге аэровокзалдын жаңы комплексин тааныштырган соң, Эл аралык «Манас» аэропорту ААК Жалал-Абад жана Баткен аэропортторун модернизациялоо долбоору да көрсөтүлдү.

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Эл аралык «Манас» аэропорту ААК караган бардык аэропорттордун инфраструктуралык абалын жакшыртуу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө жарандык авиация туризм же соода сыяктуу бюджетти толуктоочу негизги тармактардын катарына кириши керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий