• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош-Айдаркен жолунда унаа 14 жүргүнчүсү менен оодарылып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 05.12.17. /Кабар/. Ош–Айдаркен унаа жолунун 129-чакырымында “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү унаа 14 жүргүнчүсү менен оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 4-декабрда болжол менен саат 08:50 чамасында катталган.

“Айдоочу унааны башкара албай калып, ал оодарылып кеткен. Окуя болгон кезде унаанын ичинде 14 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен 3 жүргүнчү жабыркап, Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген, учурда алардын саламаттыкгы жакшы. КР ӨКМнин Баткен шаарындагы 3чү өз алдынча издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары кран чакырышып, оодарылып калган унааны тургузуп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий