• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборун ишке киргизүү үчүн керектүү жабдууларды жеткирүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборун ишке киргизүү үчүн тез арада керектүү жабдууларды жеткирүү маселесин чечүү керек. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановго берди.

Премьер-министр Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборун ишмердүүлүгү менен таанышты.

«Аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборун керектүү техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу маселесинин кечеңдешинен улам, ата мекендик экспортелордун ишине тоскоолдуктар жаралууда», – деди Сооронбай Жээнбеков. Ал убагында тапшырманы аткарбагандыгы жана борборду ишке киргизбегендиги үчүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун ишин сынга алды.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов бардык актуалдуу маселелер кыска убакыт аралыгында чечилерине ишендирди.

Премьер-министр Өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү негизги приоритеттүү багыттардын бири болуп, инфраструктураларды ЕАЭБ талаптарына ылайыктоо, аны менен катар, лабораториялык системалар менен камсыздап, фитосанитардык чараларды көрүү эсептелерин билдирди. Бул багытта жалпы республика боюнча ветеринардык жана фитосанитардык лаобраторияларды модернизациялоо иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү тамак аш азыктарында, калк колдонгон товарлар арасында, айлана чөйрө жана үй жаныбарларында эпизотиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өлкөдө этабы менен ветеринардык лабораториялардын курулушун ишке ашырууну тапшырган.

Биринчи этапта Ош жана Бишкек шаарларында ветеринардык лабораторияларды реконструкциялоо иштери аягына чыгат.

Экинчи этапта Талас, Баткен, Каракол жана Балыкчы шаарларында аймактык ветеринардык лабораторияларды куруу, ошондой эле 13 иштеп жаткан мекемелерди модернизациялоо иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий