• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош: Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынат

Аймак 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту.

Жолугушууда калаа башчысы Ош шаарында аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар боюнча жашоочуларга кыскача маалымат берип, тургундардын көйгөйлөрүн укту. Шаар мэри элдин суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Жергиликтүү тургундар балдар аянтчасы, бала бакчанын жетишсиздиги, тазалык , жер маселеси боюнча суроолор менен кайрылышты.

Мэр быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатканын айтты.

“Биз биринчиден билим берүү тармагына көңүл бурушубуз зарыл. Бала бакчалардын санын көбөйтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бири Амир-Темирде болсо, 120 орундуу экинчи бакча сиздердин Курманжан Датка аймактык башкармалыгына курулууда. Быйыл пайдаланууга тапшырабыз. Жакында Жапалакта да бала бакчанын курулушу башталат”, - деди шаар мэри.

Калаа башчысы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланаарын айтып, Ак-Буура дарыясынын жээги мыйзамсыз курулуштардан тазаланышы керектигин кошумчалады.

“Ак-Буура дарыясынын жээги мыйзамсыз курулуштардан тазаланат. Прокуратура тарабынан эскертүүлөр берилүүдө”, - деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий