• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: Ак-Буураны реконструкциялоо иштери улантылат

Аймак 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. 25-январда Ош шаарынын мэриясында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү, жашылдандыруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуу биринчи вице-мэр Марс Исаевдин жетекчилиги астында шаардык кеңештин депутаттарынын, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Жыйынтыгында долбоордун курулушу табигый экосистеманы сактап калуу менен ишке ашырылуусу сунушталып, катышуучулардын макулдугу менен чечим кабыл алынды.

Жакында долбоор кайра иштелип, толуктоолор киргизилет. Ал эми каржылоо Дүйнөлүк банк тарабынан гранттык негизде ишке ашат.

Пикир

Оставить комментарий