• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: Ак-Тилек кичи районундагы көчөнү асфальтоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарын Ак-Тилек кичи районунун Эсенжанов көчөсүн асфальтоо иштери башталды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Жүрүп жаткан иштер менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, курулуштун сапатына көңүл бурууну баса белгиледи. Эсенжанов көчөсүнүн бир бөлүгүнө жөө адамдар басуучу жолдун курулушу жана асфальттоо иштери июль айында аяктайт. Жолдун жалпы узундугу 660 метр, туурасы 7 метр.

Ал эми жол четине 2 метр тротуар курулуп, лотоктор орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий